00:31
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Маң зат менен кармалган «Пантеранын» майору өзү да чеккени аныкталды

Маң зат менен кармалган «Пантеранын» майорунун өзү да чеккени аныкталды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоо органдарынан маалымдашты.

Алардын айтымында, «Пантера» атайын бөлүгүнүн майору Ниязбек Борукуловдон алынган анализден марихуана табылды.

Ниязбек Борукулов 1-декабрда Токмок шаарында үйүндө кармалган. Тинтүү учурунда 60 грамм марихуана табышкан. Ага карата кылмыш иши козголуп, бир айга камакка алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар