Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 2018-жылдын 9-25 февралында өтө турган кышкы олимпиада оюндарына Кыргызстандын спортчулдары дагы катышат. Кыргыз спортчулары лыжа жана биатлон боюнча ат салышат.
Бул тууралуу Жаштар, дене-тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Жонг Ху жана консулу Ю Менг Су менен жолугушу учурунда билдирди.
Тоо лыжасы боюнча чебер Евгений Тимофеев олимпиадага жолдомо алды.Спортчулар азыр Швейцария, Астрия жана Россияда даярдыктан өтүүдө. Түштүк Кореянын элчиси жардам көрсөтүүгө даярдыгын айтты.
Олимпида-2018 башка оюндардан айырмачылыгы азыр эле белгилүү. Анда олуттуу атаандаштардын бири - Россиянын курама командасы катышпайт. Эл аралык олимпида комитети Россиянын спортчуларына Пхенчхандагы мелдештерге катышууга тыюу салды. Алар оюндарда нейтралдуу туунун астында гана күч сынаша алат.