Кыргызстанда жыл башынан бери 101 ата-эне өз укугунан ажыратылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен айтып беришти.
Алардын айтымында, ата-энелик укугунан ажырагандар дагы баланы багууга милдеттүү.
Кыргызстанда жети учурда сот аркылуу ата-энелик укуктан ажыратылат:
— ата-эненин бири өз милдетин аткарууда баш тартса (буга алимент төлөөдөн баш тартуу да кирет);
— баласын төрөт үйүнөн, же башка дарылануучу, тарбиялануучу мекемеден алып кетүүдөн себепсиз баш тартса;
— ата-энелик укугунан пайдаланып, балана зыян тийгизсе;
— баланын кол тийбестик укугун бузса, балага физикалык, же психикалык зомбулук көрсөтсө;
— Ичкич, же баңги зат колдонуучу болсо;
— Өмүрлүк жолдошунун, же балдарынын ден-соолугуна, же өмүрүнө каршы иш жашаса;
— жашы жете элек балдарын кара күч жумушуна тартса, же кайыр суратып, селсаякка айлантса.