21:13
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сокулукта абактан качкандардын экөө кармалды

Сокулукта абактан качкандардын экөө кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Качкындар Бишкек шаарынын Биринчи май районунан кармалды. Маалыматка караганда, Бакыт Дилдешев менен Рамиль Базаркулов кайра камоого алынды. 

Бул экөө тең талап-тоноо жана адам өлтүрүүгө айыпталууда. 

Эскерте кетсек, 26сынан 27-ноябрга караган түнү Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынан төрт кылмышка шектүү качып кеткен. Чүй прокуратурасы ал түнү күзөттө турган 9 милицияны суракка алууда.

Эң көп окулган жаңылыктар