USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Евразия экономикалык биримдигине жаңы мүчөлөр кошулушу мүмкүн

09:29, 22 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Евразия экономикалык биримдигине жаңы мүчөлөр кошулушу мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Ал ЕАЭБ ачык уюм экендигин белгилеп, анын курамы кеңейиши мүмкүндүгүн айтты. Сергей Лавровдун билдирүүсүндө, учурда Тажикстандын талапкерлиги талкууланууда. Андан тышкары, ЕАЭБ Азербайжанды дагы катарына кошууга кызыкдар.

«Бул уюм түзүлгөндө биз эч качан экөөбүз, үчөөбүз сүйлөшүп алып, калгандар көрсөтмө берип турабыз деп айткан эмеспиз. Уюмду эшиги башынан эле ачык экендигин айтканбыз» - дейт Лавров. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика