06:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары жарыяланды

7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары жарыяланды. Бул тууралуу буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Президенттик аппаратынын маалыматында, соңку жылдары тарых илиминин өнүгүүсү, аны идеологиядан арылтуу окумуштууларга Кыргызстандын тарыхынын эң негизги этаптарын жаңыча изилдөөгө жана өткөн мезгилге коомчулуктун объективдүү көз карашын калыптандырууга мүмкүнчүлүк түзгөндүгү айтылат.

«Үч миң жылдык тарыхы бар, IX-Х кылымдарда Улуу Кыргыз каганатын курган элибиз кылымдар бою мамлекеттүүлүк идеясын туу тутуп келди. Бул идея кыргыздардын дүйнө таанымынын негизи болуп, «Манас» эпосунун жана элдин бүтүндөй рухий мурасынын өзөгүн түздү. Эгемендик мүдөөсү урпактардан урпактарга мурас болуп келди. Тарыхтын жана дүйнөнүн өзгөрүшүнө жол ачкан Улуу Октябрь Социалисттик революциясына 2017-жылдын 7-ноябрында 100 жыл толот. ХХ кылымдын башында Россиянын таасирине кирген элдер үчүн бул окуя тагдыр чечүүчү мүнөзгө ээ болду.

1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштөн кийин Октябрь революциясы кыргыз элине өзүнүн мамлекетин кайра жаратууга шарт түздү» — деп айтылат маалыматта.

7 жана 8-ноябрды жумуш эмес майрам күндөрү болот. Бул күнү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына таасирин тийгизген тарыхый окуялар, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын элесине таазим этүү менен байланышкан иш-чаралар уюштурулат.

Эң көп окулган жаңылыктар