Алмазбек Атамбаев ЕАЭБтин мамлекет башчыларынын жыйынына барбайт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине өкмөттүн аппаратына билдиришти.
11-октябрда өтө турган жыйынга президенттин ордуна премьер-министр Сапар Исаков катышат.
«Шайлоо күндөрү шайлоочуларды сатып алуу жана башаламандык уюштуруу аракеттери көрүлүп жаткандыгы боюнча кабар бар. Андыктан, президент өлкө коопсуздук камсыз кылууну жеке көзөмөлгө алды» - деп түшүндүрөт президенттин аппараты.
Жыйында ЕАЭБ өлкөлөрү 2015-жылга карата планды жана жаңы жылдан ишке кире турган техникалык регламенттин талкууламакчы.