Франциялык ишкер айым, L’Oreal косметикалык компаниясынын мураскери Лилиан Беттанкур 95 жашында дүйнө салды. Ал Forbes журналынын тизмесинде 14 орунда турчу. Байлыгы 44, 7 миллиард долларга бааланып, үй-бүлөсү L’Oreal компаниясынын 33,1 пайыз акциясына ээлик кылат.
Лиллион Беттанкурдун атасы косметикалык компанияны түзгөн. Дүйнө эң бай айымы 15 жашында L’Oreal косметикаларын таңгактап иштегени айтылат.