12:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Акматбек Келдибеков азырынча шайлоодо кимди колдоорун чече элек

Парламенттин мурдакы төрагасы Акматбек Келдибеков азырынча шайлоодо кимди колдоорун чече элек. Бул тууралуу «24.kg» агентигине анын партиялашы Шаирбек Маматокторов билдирди.

Ал «Ата-Журт» партиясынын саясый кеңешинин жыйыны өткөндүгү боюнча маалыматты ырастаган жок. 

Эскерте кетсек, айрым ЖМКлар партиянын саясый кеңеши Сооронбай Жээнбековдун президентикке талапкерлигин колдоо чечимин кабыл алгандыгын жарыялаган. 

«Жоопкерчиликтүү түрдө айта алам. Келдибеков бул жыйынга катышкан эмес», — деди Шайырбек Маматокторов.

Анын айтымында, талапкерлердин ортосунда бирөөнү колдоп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар