20:07
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Өзбекстандын журналисттерине түз эфирлерди уюштурууга тыюу салынды

Өзбекстандын журналисттерине түз эфирлерди уюштурууга тыюу салынды. Бул тууралуу centralasian маалымат кызматы кабарлайт. 

Маалыматка караганда, бул азырынча мамлекеттик деңгээлдеги чечим эмес. Өкмөт башчысы Абдулла Ариповдин жеке билдирүүсү жана ал Улуттук телерадиокомпанияга гана байланыштуу.

Премьер-министр бул тууралуу Улуттук телерадиокомпаниянын журналисттери менен жолугушууда айткан. Ага журналист Шерзод Кудратхаджаевдин түз эфирде көрсөтүлгөн берүүсү жаккан эмес. 

Жолугушууга катышкан журналисттердин билдирүүсүндө, Абдулла Арипов Шерзод Кудратхаджаевди кемсинтип, ортодо кайым айтышуу чыккан. 

Маалыматта, премьер-министр өлкөнүн Улуттук телерадиокомпаниясынын төрагасы Бабур Алихановго сөгүш жарыялап, корпорацияда кадрдык алмашуулар болгондугу айтылат. Бир нече күн мурда УТРК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, «Өзбекстан» телеканалынын директору болуп барган Хайрулла Нуриддинов кайрадан мурдагы кызматына дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби