USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Мирзеев Өзбекстанда совет мезгилинен бери келе жаткан жобону жокко чыгарды

09:22, 17 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 16-августта өлкөдөн чыгуу визасын жоюу тууралуу жарлыкка кол койду. Ушул эле жарлык менен өлкөдө биометрикалык чет өлкө паспорттору киргизилет. Жаңы эрежелер 2019-жылдан тарта күчүнө кирет.

Жарлыкта өлкөдөн чыгуу визасы Өзбекстан жарандарынын эркин жүрүүсүн чектей турган фактор болуп эсептелери айтылган. Ошондой эле анда чет өлкөлүк паспортторду киргизүү калк үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, өлкөдөн чыгуу документтерин толтуруудагы бюрократиялык тоскоолдуктарды жана коррупциялык көрүнүштөрдү азайтышы керектиги жазылган.

Эскерте кетсек, өлкөдөн чыгууда виза алуу талабы мурдакы совет өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстанда гана сакталган.  

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18