13:25
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Кадыр Маликовго кол салгандардын бири 18 жылга кесилди

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда белгилүү диянатчы Кадыр Маликовго кол салгандардын бирөө Ырыскул Бейшеналиевге өкүм чыгарылды. Ал 18 жылга эркинен ажыратылды. 

Эскерте кетсек, Кадыр Маликов 2015-жылдын 26-ноябрында дүкөндөн чыгып бара жаткан кезде ага кол салуу болуп, бычак менен бир нече жолу сайгылашкан. 

Кылмышкерлердин бири дароо эле кармалып, 20 жылга кесилген. Ырыскул Бейшеналиев Түркияга чыгып кеткендиктен аны кайтарып алуу иштеринен кийин гана соттук териштирүү башталган. Ал «Ислам мамлекети» тобунун мүчөсү деп аныкталды. . 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү