20:25
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Президенттикке талапкер мамлекеттик тил сынагынан кулады

Президенттикке талапкер «Шматрица» компаниясынын директору Руслан Жунусов мамлекеттик тил сынагынан кулады. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирет.

Маалыматта ал 46,1 балл гана алгандыгы айтылат. Буга чейин 20 талапкер тест тапшырып, баардыгы керектүү болгон баллды ала алышкан. 

Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Мирлан Шерикул уулу дагы тест тапшырат. Тизмеге кирген дагы бир талапкер Арслан Малиев сыркоолоп, сынак тапшырууга келе албастыгы айтылган.

Сынак тапшыргандардын ичинен азырынча 96,77 балл менен  Адахан Мадумаров лидер. 

Эң көп окулган жаңылыктар