11:33
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Президентикке ат салышкандардын дагы экөө тил сынагын тапшыра алган жок

Президенттик ат салышкандардын кезектеги төртөө бүгүн кыргыз тилден тест тапшырды. Бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирет.

Марат Иманкулов (86,15 балл) менен Өмүрбек Бөлтүрүков (87,21 балл) сынакты ийгиликтүү тапшырды. Ал эми Аскарбек Абышев(54,46 балл) менен Советбек Абыкуловдун (43,53 балл) баллы жетпей калды.

Кечээ тест тапшыргандардын ичинен Полотбек Кенжегулов (58,87 балл)сынактан жыдыган. Ага чейин Руслан Жунусов дагы тесттен өткөн эмес.

Эскерте кетсек, 60тан ашык топтогондорго гана кыргыз тилин билери боюнча күбөлүк берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар