04:48
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чоң-Алайда дагы жер силкинди

Ош облусунун Чоң-Алай районунда бүгүн түнү 2.13дө жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алардын малыматында, зилзаланын очогу Тажикстанда катталып, күчү 3,5 баллга жеткен.

Чоң-Алайдын Алай айылында 3 балл, Кара-тейит жана Карамык айылдарында 2,5 балл болду. Жапа чеккендер жок.

Эскерте кетсек, Чоң-Алай районунда май айында 6 баллдык жер титирөө болуп, анда 610 үй жана бир нече социалдык имараттар бузулган.

Эң көп окулган жаңылыктар