08:31
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Президенттикке талапкерлер мамлекеттик тилден сынакты «Кыргызтесттен» тапшырат

Президенттикке талапкерлер мамлекеттик тилден сынакты «Кыргызтесттен» тапшырат. Өкмөт бул тууралуу токтом кабыл алды.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия атайын топ түзөт. Алар сынактын жүрүшүнө көзөмөл салат.

Тестте лексика, грамматика, жазуу, аудио угуу, окуу жана оозеки сүйлөшүү багытында тапшырмалар берилет. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, «ортодон жогору» балл топтогондор гана сынактан өттү деп табылат.

Өкмөттүн маалыматында, «Кыргызтест» эл аралык талапка жооп берири жана калыстыкты камсызщ кылары айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума