15:48
+22
USD 68.46
EUR 82.09
RUB 1.19
Кыргызча

Сооронбай Жээнбеков: Мугалимдерге дайым көңүл бөлүп турам

«Билим берүү тармагын жаңы деңгээлге көтөрбөй туруп, биз заманбап технологиялар жаатындагы долбоорлорду ишке ашыра албайбыз» - деп, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кыргызстан социал-демократтар партиясынын XVI съездинде  билдирди.

Анын айтымында,  билим берүү тармагынын башкы кыймылдаткыч күчү - бул педагогдор. 

«Андыктан аларга мен дайым көңүл бөлүп турам»- деди Сооронбай Жээнбеков. 

«Биз кезде мен өзүм дагы мугалим болуп иштегенмин. Андыктан, бул кесиптин кандай оор жана түйшүктүү экендигин билем. Бүгүн мектептерди оңдоого жана курууга чоң көөлөмдөгү каражат жумшап жатабыз. Буга чейин 500 мектеп интернетке кошулган. 2017-жылы 775 мектеп дүйнөлүк торчо менен байланыштырылат. Ошондо өлкө боюнча мектептердин 60 пайызы интернет менен камсыз болот. Андан сырткары, ар бир мектепте заманбап спорт зал курулат. Мамлекет педагогдорду колдоо ишин улантат» - деди президентикке талапкер.

Сооронбай Жээнбеков быйыл Ысык-Көлдөгү «Асыл» пансионаты мугалимдерге берилгенин, бул дагы өкмөттүн билим берүү тармагындагы кызматкерлердин аброюн көтөрүү аракети экендигин белгилеп өттү. 

Бүгүн КСДП партиясынын съезди Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары көрсөттү. 

Эң көп окулган жаңылыктар