21:43
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Нурлан Шакиев: Партиянын Бабановду колдоо чечимин көргөн жокмун

«Республика — Ата Журт» партиясынын саясый кеңешинин Өмүрбек Бабановду президенттикке талапкер катары көрсөтүү чечими жок. Бул тууралуу аталган партиянын саясый кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев «24.kg» маалымат агентигине билдирди.

Анын айтымында, партиянын саясый кеңешинде 25 мүчө бар. Анын жарымы «Ата Журт» партиясынын мүчөлөрү.

«Мен Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин колдоо чечимин көргөн да, кол койгон да жокмун. Мен билгенден Камчыбек Ташиев дагы колдогон эмес. Демек саясый кеңештин эки мүчөсү ал чечим тууралуу билбейт. Мага эгер андай сунуш болгон күндө да колдомок эмесмин. Бул менин жеке оюм» - деди ал.

Эскерте кетсек, «Республика — Ата Журт» партиясы 2014-жылы түзүлгөн. Ал минюсттан каттоодон өтүп, Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев жетекчиликти колго алган. Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин партия ишин токтоткону жарыяланган.

Нурлан Шакиевдин айтымында, партия де-юре бар. 

Эң көп окулган жаңылыктар