10:06
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Камчыбек Ташиев Чыныбай Турсунбековго утулду

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты, «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбековго сотто утулду. Бул тууралуу Чыныбай Турсунбеков бүгүн маалымат жыйында журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Камчыбек Ташиев менен төрага Бишкек арак заводуна байланыштуу соттошкон.

«Ташиев менен бир катар депутаттар парламентте чуу көтөрүп, менин заводду сатып алыш үчүн чоң акча бергендигим айтып чыгышкан. Ал дооматтар сотто ырасталган жок» -деди Чыныбай Турсунбеков.

Сот Ташиевди кечирип сурап, айып пул төлөө чечимин чыгарган.

Эң көп окулган жаңылыктар