12:13
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Мирзиеевдин бийлиги өлкөдөн чыгып кеткен инвесторлорду кайра алып келүүдө

Өзбекстанда бир айдын ичинде Түркиянын мамлекеттик Зираат Банкынын (Ziraat Bank) өкүлчүлүгүнүн ачылуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын Соода-өнөр-жай палатасынын съездинде өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов билдиргендигин CENTRALASIAN маалымат кызматы кабарлады.

Абдулла Ариповдун айтымында, өлкөдө банк өкүлчүлүгү ачылгандан кийин Түркия өкмөтү Өзбекстандагы кичи бизнеске насыя берүү үчүн 500 миллион доллар бөлүүнү пландоодо.

Зираат Банк — 1863-жылы негизделген Түркиянын насыя берүүчү ири уюму. Ал дүйнөнүн 18 өлкөсүндө банк кызматтарын көрсөтөт.

Буга чейин жакында Өзбекстанда түркиялык Demir Holding деп аталган ири компаниянын иши калыбына келтириле тургандыгы кабарланган. Компания өлкөдөн 2010-жылы, көзөмөл органдарынын текшерүүлөрү күчөгөндө чыгып кеткен.

Ушул жылдын майында Ташкентте өткөн өзбек-түрк бизнес-форумунун жүрүшүндө тараптар 2 миллиард долларлык документтер менен келишимдердин топтомуна кол коюшкан. Аларда текстиль, фармацевтика, курулуш жана банк тармактары боюнча 30га жакын долбоорду ишке ашыруу каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар