14:20
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жогорку окуу жайлар 10-июлдан тарта абитуриенттерди кабыл ала баштайт

Жогорку окуу жайлар 10-июлдан тарта абитуриенттерди кабыл ала баштайт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Биринчи айланпа 10-15-июлда өтөт. Бул аралыкта абитуриенттер Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) алган күбөлүктөрүн тапшырат. ЖОЖ окуу жайга кабыл алына тургандардын тизмесин илет.

Экинчи айланпа 17-22-июлда өтөт. Андан кийин бош орундар калса министрликтин уруксаты менен үчүнчү айланпа 24-29- июлга белгиленет.

Эскерте кетсек, мамлекеттик ЖОЖдорго ЖРТнын жыйынтыгы менен, жалпы тесттен кеминде 110, кошумча сабактардан 60 балл алгандар гана кабыл алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар