11:15
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда 15 мектеп жараксыз абалда

Кыргызстанда 15 мектеп жараксыз абалда болгондуктан балдар чатырда окуп жатышат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы мектептердин ахыбалы текшерилип, 108 имаратты бузулуу алдында тургандыгы, 73ү капиталдык оңдоого муктаждыгы аныкталган.

«12 мектепте окууга мүмкүн эмес. Балдар тышта окуп жатышат», — деди министр.

Министрдин маалыматында, Өзгөндөгү жана Чоң-Алайдагы кырсыктан кийин үч мектептин окуучулары чатырларда окууда.

Эң көп окулган жаңылыктар