16:48
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстанда жетимдерге жыл сайын университеттерден 100 гранттык орун бөлүнөт

Кыргызстанда жетимдерге жыл сайын жогорку окуу жайлардан 100 гранттык орун бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин бүгүнкү жыйынында Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы 29, 2016-жылы 44 жетим бала бул мүмкүнчүлүктү пайдалана алды.

Гүлмира Кудайбердиева балдар үйүнүн жана мектеп-интернаттардын бүтүрүүчүлөрү сынактан сырткары эле баардык башталгыч, кесиптик орто окуу жайларына тапшыра аларын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар