05:58
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда 2016-жылы 1 миллион 557 адам жакырчылыкта жашаган

Кыргызстанда 2016-жылы 1 миллион 557 адам жакырчылыкта жашаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин бөлүм башчысы Галина Самохлеб билдирди.

Анын айтымында, статком 5 миң 16 үй-бүлөнүн бюджетин иликтеп чыккан. Жыйынтыгында, 2016-жылы кедейчиликтин-деңгээли 25,4 пайызды түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга кыскаргандыгы аныкталган.

Иликтөөнүн айыл жеринде жакырчылыктын-деңгээли 4,6 пайызга, шаарда 10, 7 пайызга кыскаргандыгы белгиленди. Чүй облусунан башка аймактардын баарында жашоо шарт бир аз көтөрүлгөнү байкалган. Бул облуста кедей үй-бүлөлөрдүн саны 5,5 пайызга өскөн.

Эң көп окулган жаңылыктар