14:40
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

БУУнун башкы катчысы менен жолугушууга укук коргоочулар чакырылган жок

Тышкы иштер министрлиги БУУнун башкы катчысы менен жолугушууга укук коргоочуларды чакырган жок. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, БУУнун мурдакы башкы катчылары Пан Ги Мун менен Коффи Анан Бишкекке келгенде Кыргызстандын жарандык коомунун өкүлдөрү мнен жолуккан. Бирок, бул жолу министрлик укук коргоочуларды тизмеге киргизген эмес.

«Антонио Гутерриш менен Чолпон Жакыпова, Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова жана Динара Ошурахунова жолугушкусу келет. Бизде айта турган сөзүбүз бар. Негизинен сөз эркиндигине кысым, адам укугун бузуулар жана соттук адилетсиздик тууралуу сөз кылмакпыз», — дейт Адил Турдукулов.

Жарандык активисттер 10-июнь күнү БУУ алдында митинг өткөрүшмөкчү.

Эң көп окулган жаңылыктар