12:11
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чоң-Алайда кайра жер силкинди

Чоң-Алайда кайра жер силкинди. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлайт.

ӨКМдин маалыматында, Ош облусунун Чоң-Алай районунда 1-июнда саат 21:10дө 5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталган.

Райондун Жар-Башы, Кулчу, Чак, Кара-Шыбак айылдарында 4,5 балл, Шибээ айылында 4 балл, Карамык, Кара-Тейит, Ачык-Суу айылдарында 3,5 балл сезилген.

Эскерте кетсек, 3-майда Чоң-Алайда зилзала болуп, жыйынтыгында 610 турак жай зыян тарткан.

Эң көп окулган жаңылыктар