03:41
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Чоң-Алайдагы зилзалада башпаанеги бузулган 550 үй-бүлөгө акчалай жардам берилди

Чоң-Алайдагы зилзалада башпаанеги бузулган 550 үй-бүлөгө акчалай жардам берилди. Бул тууралуу Жарым кызыл ай коому кабарлайт.

Ар бир үй-бүлө 13 миң 900 сомдон алышты. Уюмдун маалыматында, акчалар банктык эсепке салынып, Чоң-Алайдын тургундарына карточкалар таркатылды.

Жарым кызыл коомуна зилзаладан жабыркагандарга жардам иретинде Европа комиссиясынан 164 миң евро жана Австриянын кызыл крест коомунан 20 миң евро которулган.

Эскерте кетсек, 3-5 -майда Чоң-Алайда зилзала болуп, жыйынтыгында 610 турак жай зыян тарткан.

Эң көп окулган жаңылыктар