04:49
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Чоң-Алайда зилзаладан зыян тарткан үйлөрдүн саны 610га жетти

Чоң-Алайдагы жер титирөөнүн кесепетинен 610 бузулуу алдында турат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Өзгөчө кырдаал министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.

Алардын айтымында, 3-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунда болгон зилзала жалпысынан 610 үйгө зыян тийгизген.

Маалымат жыйында, атайын түзүлгөн комиссия Карамык, Кара-Тейит, Жекенди айылдарындагы 10 миңдей үйдүн абалын текшерип, алардын зыянын-деңгээлине жараша аныктап чыгышкандыгы айтылды.

Үйлөрдөн сырткары, 10 социалдык мекеменин имараты дагы жабыркаган. Алардын арасында төрөт үйү, мечит жана почта бар.

Эң көп окулган жаңылыктар