22:09
USD 88.35
EUR 95.16
RUB 0.95

Камчыбек Ташиев Алмазбек Атамбаевдин бошотулушун кубаттайт

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин бошотулушун кубаттайт. Бул тууралуу ал соцтармак аркылуу билдирди.
 
«Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыкты, мен сот органдарынын бул чечимин кубаттайм. Ага ден-соолук калайм, үй-бүлөсү, жакындарынын жанында болсун эми», — дейт Камчыбек Ташиев.
 
Алмазбек Атамбаевге сот 14-февраль күнү баш коргоо чарасын өзгөртүп, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берген. Ал Испанияда дарыланмакчы.
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар