08:37
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Таза коом» долбоорунда иштеген IT-адистер жакшы маяна алышат

«Таза коом» долбоорунда иштеген IT-адистерге жакшы айлык акы коюлат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев билдирди.

Ал «24.kg» МАсынын долбоордун каржылоо булактары боюнча суроосуна «бул биздин маселе» деп жооп берди.

«Программисттер, кибер чөйрөсүндөгү адистер үчүн жогорку маянаны коебуз. Алар долбоордун коопсузудугун камсыз кылуу жаатында атайын окуудан өтүшөт» — деди ал.

Бакыт Шаршембиевдин билдирүүсүндө, долбоорду ишке ашыруу үчүн укуктук-ченем актылары дагы даяр болду. Эки мыйзам долбоору биринчи окуудан өтсө, экөөнө керектүү өзгөртүү киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар