20:31
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Таза коом» «алтын мээлердин» четке кетишине бөгөт болот

«Таза коом» «алтын мээлердин» четке кетишине бөгөт болот. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев билдирди.

Анын айтымында, «Таза коом» программасындагы долбоорлор жарандардын жашоосун жакшыртууга жана «алтын мээлер» деп аталган билимдүү жана таланттуу жаштардын чет өлкөгө чыгып кетүүсүнө тоскоолдук түзө алат.

Алдыда өтө турган «Таза коом» эл аралык конференциясында бул тармактагы долбоорлор менен иштөөгө кызыкдар чет элдик жана кыргызстандык инвесторлордун тизмеси түзүлөт.

Эскерте кетсек, «Таза коом» программасы президенттин демилгеси менен иштелип чыгып, жеке бизнес, жарандык коом, мамлекеттик органдардын жардамы менен ишке ашат. Ал бизнестин өнүгүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп, мамлекеттик кызматтын ишин жакшыртууга багытталган жогорку технологиялык жалпы улуттук долбоор.

Эң көп окулган жаңылыктар