Ысык-Көлдүн түбүн изилдөө учурунда бир нече байыркы кыштар табылды. Музей адистеринин алдын ала баалоосу боюнча, алар XI–XII кылымдарга таандык.
Бул табылга тууралуу суу астындагы сүрөт жана видеолорду жарыялаган суучул билдирди. Анын айтымында, артефакттар кечээ жакында көлдүн түбүн изилдөө учурунда табылган.
Музей кызматкерлери кыштарды алдын ала XI–XII кылымдарга таандык деп даталашты. Эми табылгалар андан ары изилдөө, алардын келип чыгышын аныктоо жана сактоо үчүн адистерге өткөрүлүп берилет.
Табылганын авторлору Ысык-Көл тарыхтын жаңы барактарын ачууну улантып жатканын белгилешет. Көл өзүнүн жаратылыш кооздугу менен гана эмес, бай археологиялык мурасы менен да белгилүү. Көп жылдардан бери окумуштуулар көлдүн түбүндө жайгашкан суу алдындагы конуштарды жана эстеликтерди изилдеп келишет. Табылган кыштардын жашы жана тарыхый баалуулугу тууралуу акыркы жыйынтыктар илимий экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин чыгарылат.

