12:22
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Кыргызстан айлык акылардын дүйнөлүк рейтингинде 132-орунда калды

Кыргызстан айлык акылардын дүйнөлүк рейтингинде 132-орунда калды. Тизмеге жалпысынан 200 мамлекет кирген. Рейтинг ар кайсы өлкөлөрдөгү кызматкерлердин орточо таза кирешеси тууралуу маалыматтардын негизинде CEOWORLD журналы тарабынан 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн.

Жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстанда орточо айлык акы айына болжол менен 335 долларды түзөт.

Айлык акы рейтингинде КМШ өлкөлөрү кандай орундарды ээледи:

  • 32-орун — Орусия (болжол менен 2 миң 266 доллар);
  • 77-орун — Казакстан (болжол менен 780 доллар);
  • 80-орун — Түркмөнстан (болжол менен 761 доллар);
  • 83-орун — Беларусь (болжол менен 728 доллар);
  • 89-орун — Армения (болжол менен 648 доллар);
  • 90-орун — Грузия (болжол менен 641 доллар);
  • 117-орун — Өзбекстан (болжол менен 458 доллар);
  • 132-орун — Кыргызстан (болжол менен 335 доллар);
  • 138-орун — Тажикстан (болжол менен 276 доллар).

Эң жогорку орточо айлык акы алган ТОП-5 өлкөнүн сап башында Швейцария турат — 8 миң 218 доллар. Андан кийинки орундарда:

  • Люксембург — 6 миң 740 доллар;
  • АКШ — 6 миң 562 доллар;
  • Исландия — 6 миң 548 доллар;
  • Норвегия — 5 миң 772 доллар.

Эң төмөнкү айлык акылар төмөнкү өлкөлөрдө катталган:

  • Палестина — болжол менен 104 доллар;
  • Лесото — 131 доллар;
  • Ангола — 134 доллар;
  • Малави — 138 доллар;
  • Мали — 141 доллар.

Эксперттер айлык акынын деңгээлине экономиканын кирешеси гана эмес, инфляция, жашоо наркы, эмгек рыногунун абалы жана жумуштуулуктун түзүмү да таасирин тийгизерин белгилешкен. Эң жогорку кирешелер адатта каржы, IT, энергетика, өнөр жай жана билим берүү тармактарында катталат.

Эң көп окулган жаңылыктар