Бүгүн, 24-июндан тартып Бишкекте Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилиши жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштерине байланыштуу 5 автобус каттамынын жүрүү багыты убактылуу өзгөрөт.
Өзгөртүүлөр № 7, № 8, № 18, № 23 жана № 62 каттамдарына тиешелүү. Оңдоо иштери аяктаганга чейин бул автобустар жакын жайгашкан альтернативдүү көчөлөр аркылуу каттайт.
"Бул убактылуу каттамдар жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздыктарды азайтуу жана коопсуз кыймылды камсыз кылуу максатында иштелип чыккан",-деп айтылат маалыматта.

