09:13
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Дүйнө чемпионаты −2026: Лионель Месси улуттук курамасы үчүн 18-голун киргизди

Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси дүйнө чемпионаттарындагы 18-голун киргизди. Бул окуя 2026-жылдагы дүйнөлүк биринчиликтин J группасынын 2-турундагы Аргентина жана Австрия курама командаларынын ортосундагы беттеште орун алды. Оюн АКШнын Техас штатындагы Арлингтон шаарында жайгашкан «Эй-Ти-энд-Ти» стадионунда өттү.

Беттеште Аргентина курамасынын футболчулары 2:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Лионель Месси улуттук курамасы үчүн18-голун киргизди
Месси 39-мүнөттө айырмаланып, дүйнөлүк биринчиликтердеги өзүнүн 17-тобун киргизди. Муну менен Месси турнирдин тарыхындагы эң мыкты бомбардир аталып, бул көрсөткүч боюнча 16 голу бар Германия курамасынын мурдагы чабуулчусу Мирослав Клозеден ашып өттү. Ал эми 90+5-мүнөттө Месси дубль жасады. Бул гол чабуулчу үчүн 18-гол болуп калды.

Эске салсак, футбол боюнча 2026-жылдагы Дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтүүдө. Учурдагы дүйнө чемпиону — Аргентина курама командасы.

Эң көп окулган жаңылыктар