Бишкекте Түгөлбай Ата көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жеткирүү кызматтарынын биринин скутери жана Lexus NX үлгүсүндөгү автоунаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кагылышуунун кесепетинен унаалар механикалык зыянга учураган. Скутердин айдоочусунун абалы тууралуу азырынча маалымат жок.
Кырсыктан кийин окуянын катышуучулары жол кырсыгынын материалдарын каттатуу жана окуянын чоо-жайын тактоо үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлеринин келишин күтүп жатышкан.

