20:07
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Кыргызстан менен Кипр экономика жана туризм тармагын чыңдоону көздөйт

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбосту кабыл алды.

Мамлекет башчысынын администрациясынан билдиришкендей, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин жана эл аралык аянтчалардагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Президент туризм, инвестиция, финансы жана банктар аралык байланыштар жаатында, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүлөрдү тереңдетүүгө көңүл бурду.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

Өз кезегинде Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос президент Садыр Жапаровду Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, бул олуттуу жетишкендик жана эл аралык коомчулуктун жогорку ишеним көрсөтүүсүнүн далили экендигин белгиледи.

Ал Кыргызстанга эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берүү үчүн келгенин белгилеп, бул үчүн тараптардын жетиштүү потенциалы бар экенин айтты.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Константинос Комбоско куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкка даярдыгын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар