Жасалма интеллекттин өнүгүшүнө байланыштуу Кыргызстандагы кээ бир кесиптер жок болуп кетиши же трансформацияланышы мүмкүн. Бул тууралуу мектеп окуучулары менен болгон жолугушууда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев билдирди.
Анын айтымында, учурдагы статистика өлкөдө жумушчу кесиптерге суроо-талап эң жогору экенин көрсөтүп турат.
«Бизде курулуш иштери абдан активдүү жүрүп жатат. Бүткүл Кыргызстан — бир чоң курулуш аянтчасы. Ошого жараша, кыш куюучулар менен ширетүүчүлөрдөн баштап, атайын техниканын айдоочуларына чейин курулуш тармагындагы бардык кесиптерге суроо-талап чоң. Экономика өсүп, өнүгүп жатат, демек, жумушчу кесиптерге болгон талап дагы жогорулай берет», — деди Эмгек министрлигинин башчысы.
Ал ошондой эле IT-адистерине болгон муктаждык да өсүп жатканын белгиледи.
«Бул багытты тандасаңыз болот. Мен үчүн да IT тармагы кызыктуу, бирок жаш өткөн сайын окуп-үйрөнүү бир аз кыйыныраак болот экен», — деп кошумчалады Канат Сагынбаев.

