20:33
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Эртең Таш-Көмүр шаарында «Шахтёр» стадиону ачылат

Жалал-Абад облусунда футбол инфратүзүмүн өнүктүрүүгө багытталган үч ири спорттук объекттин расмий ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Маалыматка ылайык, эртең 27-июнда Таш-Көмүр шаарындагы толугу менен жаңыланган «Шахтёр» стадиону, Шамалды-Сай шаарындагы борбордук стадион жана Кочкор-Ата шаарындагы «Нефтчи» футбол клубунун жаңыланган окуу-машыгуу базасы жана жаңы оюн талаасы пайдаланууга берилет.

Кыргыз футбол биримдиги
Фото Кыргыз футбол биримдиги
Негизги объект катары Таш-Көмүр шаарындагы «Шахтёр» стадиону саналат. 1963-жылы курулган стадион өз тарыхында биринчи жолу капиталдык реконструкциядан өттү. Жаңылоо иштеринин жыйынтыгында арена заманбап талаптарга жооп берген табигый газондуу футбол талаасы, 3975 орундуу трибуналар, медиа борбор, пресс-конференция залы, VIP ложа, машыгуу талаасы жана башка керектүү инфраструктура менен жабдылды.

Ачылыш аземи ата мекендик эстрада жылдыздарынын катышуусундагы жандуу концерттик программа менен коштолот.

Майрамдык кеч «Шахтер» жана «Базар-Коргон» футбол клубдарынын ортосундагы Биринчи Лига беттеши менен уланат.

Жаңыртылган стадион аймакта футболду өнүктүрүүнүн маанилүү борборуна айланат, машыгуу, мелдештер жана жаңы муундагы спортчулардын өнүгүшү үчүн жогорку сапаттагы шарттарды түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар