Бишкектин борборунда кафелерде тынчтык жөнүндө мыйзамдын жана коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салуунун сакталышы текшерилди. Рейдди Биринчи май районунун муниципалдык администрациясы милиция жана санэпидемкөзөмөл кызматкерлеринин катышуусу менен өткөрдү.
Акимиаттын маалыматы боюнча, 15 кафе, бар жана ресторан текшерилген. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери «Sushi Room» кафесинде кетирилген мыйзам бузуулар боюнча административдик протокол түзүштү. Айып пулдун суммасы 50 миң сомду түздү. Ошондой эле тыюу салынган жерде тамеки тарткандыгы үчүн үч жаранга карата жалпы суммасы 9 миң сомдук протоколдор түзүлдү.
Мекемелердин келүүчүлөрү жана кызматкерлери менен тамекиге каршы мыйзамдын жана тынчтык жөнүндө мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

