11:31
USD 87.45
EUR 102.07
RUB 1.12

Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болду

Эдуард Кубатов Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Эдуард Кубатов — Кыргыз Республикасындагы белгилүү альпинист, ишкер жана коомдук ишмер. Ал Альпинизм федерациясынын президенти жана дүйнөдөгү эң мыкты альпинисттердин бири деп эсептелет.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Эдуард Кубатов

Ал Эверестти багындырган экинчи кыргызстандык болду жана дүйнөдөгү эң татаал тоолордун бири болгон К2 чокусуна чыккан.

Спорттук карьерасына чейин ал улуттук коопсуздук кызматтарында кызмат өтөгөн жана отставкадагы подполковник наамына ээ.

Эдуард Кубатов ошондой эле бизнес тармагында алектенип, эл аралык компаниялардын директорлор кеңешинде иштеген жана Индонезиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу болгон.

Бул дайындоо туризм тармагын өнүктүрүүгө, анын ичинде тоолуу жана экстремалдык туризмди өнүктүрүү алкагында болду.

Эң көп окулган жаңылыктар