18:40
USD 87.45
EUR 101.22
RUB 1.11

Аламүдүн райондук сотунун судьясы 26 миң доллар пара алууга шектелүүдө

Кыргыстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Чүй облусундагы Аламүдүн райондук сотунун судьясын коррупцияга шектелип кармады. Бул тууралуу коопсуздук кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Т.М.Т. аттуу жаранга эркинен ажыратуу менен байланышпаган сот чечимин чыгарып берүүнү убада кылган. Бул үчүн ал 26 миң АКШ долларын алып, бирок берген убадасын аткарган эмес.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы. Аламүдүн райондук сотунун судьясы пара алууга шектелүүдө

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө судья Ш.Б.Ж. мурда алган акчасынын бир бөлүгүн — 85 миң сомду кайтарып берип жаткан жеринен кармалды.

Белгиленгендей, Судьялар кеңеши судья Ш.Б.Ж.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү чечимин кабыл алган. Ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып, ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар сот системасынын башка кызматкерлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар