Агартуу министрлигинин өкүлдөрү 5-класстар үчүн «Табигый илимдер» предмети боюнча окуу китептерин кабыл алышты.
Окуу китептери «Учкун» ачык акционердик коомунун басмаканасында жаңы басылып чыгып, жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн класстар үчүн каралган.

