19:26
USD 87.45
EUR 101.07
RUB 1.10

Бишкектин 5-кичи районундагы көп кабаттуу үйдө өрт чыкты

Бишкектин 5-кичи районундагы көп кабаттуу үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, түтүн тууралуу кабар борбор калаанын 5-кичи районундагы үйдүн  бешинчи кабаттан чыгып жатканы кабарланган.

ӨКМ
Фото ӨКМ .

Свердлов районунан бир өрт өчүрүү бригадасы саат 15:28де окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү шаты жана коммуналдык жабдуулар менен бирге барган.

Шаардык куткаруу кызматынан кошумча алты куткаруучу саат 15:38де чакырылган.

Өрттүн себеби жана жабыркагандардын саны такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар