Бишкекте иттер тиштеген баланын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6 жаштагы бала 1-апрелде саат 15:40 чамасында Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына келип түшкөн.
«Баш териси сыйрылып, кол-бутунун көп жерлери тиштелген. 1–2 даражада травмалык шок алган. Учурда баланын абалы туруктуу. Бардык керектүү медицианалык жардам көрсөтүлүүдө. Дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деп билдирди министрликтен.
Эске салсак, бүгүн «үч ит талады» деп 6 жаштагы баланын сүрөтү социалдык тармактарга тараган. Буга удаа милиция маалымат берип, ал Калыс-Ордо-2 конушунда катталганын билдирген.

