15:51
USD 87.45
EUR 101.41
RUB 1.08

Ош облусунда жер тилкелеринин коррупциялык схемасы аныкталды

Ош облусунун Кара-Суу районунда жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү менен байланышкан коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районундагы Манас айыл өкмөтүнүн жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринен турган кылмыштуу топтун иши токтотулду.

Алар жер тилкелерин мыйзамсыз менчикке өткөрүү, трансформациялоо жана сатуу менен алектенип келишкен.

2011-жылы аткаминерлер Ош шаарына жакын жайгашкан 0,77 гектар айыл чарба жерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен. 2024-жылы айыл өкмөт башчысы бул жердин категориясын «калктуу конуш» деп жасалма өзгөртүп, баасын бир нече эсе кымбаттаткан.

Кийин бул жер тилкеси көп кабаттуу үй куруу үчүн үчүнчү жактарга сатылып кеткен.

Учурда коррупция боюнча төмөнкү кызматкерлерге айып тагылып, тергөө жүрүүдө:

  • Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ш.З., А.Ж., Ч.Д., М.Э атуу кызматкери.
  • Манас айыл өкмөтүнүн Р.А. жана Х.Н. аттуу 2 кызматкери.
Эң көп окулган жаңылыктар