15:49
USD 87.45
EUR 101.41
RUB 1.08

Азия чемпионаты −2026: Бүгүн Нурсултан Асанакунов рингге чыгат

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Монголиянын Улан-Батор шаарында өтө турган Азия чемпионатына катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чемпионат 11-апрелге чейин World Boxing версиясы боюнча өтөт.

Турнирдин экинчи күнүндө кыргызстандык мушкер күч сынашат. 55 кг салмактагы Нурсултан Асанакунов чейрек финалдык беттеште түркмөнстандык мушкер Мейлис Шадурдыев менен беттешет.

Эскерте кетсек, 70 кг салмактагы Элдар Турдубаев өзүнүн биринчи беттешинде 2022-жылкы Азия оюндарынын коло медалынын ээси, түркмөнстандык Байрамдурды Нурмухамедовду жеңген. Жарым финалдагы кийинки атаандашы 2025-жылкы Дүйнөлүк чемпионаттын күмүш медалынын ээси Севон Оказава болот. Беттеш 3-апрелде өтөт.

Кыргызстандык боксчулардын беттештеринин ырааттамасы:

30-март

70 кг 1/8 Элдар Турдубаев — Байрамдурды Нурмухамедов (Түркмөнстан).

31-март

55 кг 1/8 Нурсултан Асанакунов — Мейлис Шадурдыев (Түркмөнстан).

1-апрель

50 кг 1/8 Бекзат Эргешов — Вишванат Суреш (Индия).

60 кг 1/8 Амантур Джумаев — Сакда Руамтхам (Таиланд).

2-апрель

65 кг 1/8 Мирзохид Имамназаров — Руслан Гафуров (Тажикстан);

80 кг 1\8 Сагын Сатыбалды уулу — Фазлиддин Эркинбоев (Өзбекстан).

5-апрель

75 кг 1/4 Дамир Атай — Жавохир Умматалиев (Өзбекстан);

85 кг 1/4 Мухаммедазиз Закиров — Жасурбек Юлдошев (Өзбекстан);

90 кг 1/4 Тыныстан Алыбаев — Чудхари Харш (Индия).

Эң көп окулган жаңылыктар