Чүй облусунда 2017-жылы туулган Нурислам Шайдуллаевге изделүүдө. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 26-мартта саат 16:00дө Шопоков шаарынын Достук көчөсү, № 43 үйүнөн велосипед менен ойноп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Бул факты боюнча материал катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилери: бою 120 см, арык дене түзүлүштө, чачы күрөң, көздөрү кара. Өзгөчө белгилери жок.
Кийген кийимдери: ак футболка, көк шым.
Милиция эгерде Нурислам Шайдуллаевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөт:

