11:19
USD 87.45
EUR 101.08
RUB 1.07

Кыргызстандык туристтер үчүн Өзбекстан популярдуу багыт бойдон калууда

Өзбекстан кыргызстандык туристтер үчүн популярдуу багыт бойдон калууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Туризм комитетинин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, 2026-жылдын алгачкы эки айында өлкөгө 521 миң 100 кыргыз жараны келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23,3 пайызга көп.

Кыргызстан Өзбекстанга болгон сапарлардын саны боюнча биринчи орунда турат. Андан кийин Тажикстан жана Казакстандан туристери болууда.

Ошондой эле Орусиядан (+36 пайыз) жана Кытайдан (3,5 эсе) келген туристтердин саны да олуттуу өстү.

2025-жылы Өзбекстанга 11,7 миллион чет элдик турист келген. Ошондой эле, кыргызстандыктар 12 айдын ичинде эң көп туристтер келген өлкөлөрдүн катарына киришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар