25-марттан 31-мартка чейин туруксуз аба ырайы жана жаан-чачын күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү күтүлөт.
Атап айтканда:
- Бишкек — Ош унаа жолунун 9-чакырымынан 441-чакырымына чейин;
- Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунун 28–36, 101—220-чакырымдарында;
- Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун 64—120-чакырымдарында;
- Бишкек — Торугарт жолунун 56—134-чакырымдарында;
- Каракол — Эңилчек жолунун 8, 38, 45—97-чакырымдарында;
- Барскоон — Ак-Шыйрак жолунун 57–70, 70—208-чакырымдарында;
- Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 289—468-чакырымдарында;
- Арал — Миң-Куш жолунун 1–7, 17—36-чакырымдарында;
- Нарын — Баетов жолунун 97–98, 100—105-чакырымдарында;
- Ак-Тал — Казарман жолунун 2, 5, 67—94-чакырымдарында;
- Кочкор — Арал — Төө-Ашуу 107, 146—156-чакырымдарында;
- Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолунун 326—349-чакырымдарында;
- Ош — Раззаков жолунун 78—354-чакырымдарында;
- Раззаков — Андарак — Көк-Таш жолунун 0–19, 25—27,3-чакырымдарында;
- Кайрагач — Кулунду — Арка жолунун 5—7-чакырымдарында;
- Барпы — Ийри-Суу — Өзгөн жолунун 14—16-чакырымдарында;
- Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунун 10-чакырымынан 240-чакырымдар аралыгында;
- Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык жолунун 7—133-чакырымдарында;
- Гүлчө — Кызыл-Суу жолунун 8–11, 12—17-чакырымдарында;
- Культцентр — Чөгөм — Загара жолунун 3–6, 11—14-чакырымдарында;
- Культцентр — Кичик-Алай жолунун 2—15-чакырымдарында;
- Ак-Терек — Папан — Кожо-Келен жолунун 37—60-чакырымдарында;
- Жаңы-Арык — Кызыл-Суу унаа жолунун 13—28-чакырымдарында;
- Мырза-Аке — Кара-Шоро унаа жолунун 30–37, 41—60-чакырымдарында;
- Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Көк-Арт жолунун 40—125-чакырымдарында;
- Дароот-Коргон — Чак — Жаш-Тилек жолунун 0–3, 1—2-чакырымдарында.
ӨКМ жарандарды тоо койнунда эс алууга чыкпай турууга жана алыскы жолго сапар алууда коопсуздук чараларын так сактоого чакырат.

